“Манасты” мажбурлап айттыруу жыйынтык береби?

2-май күнү Сузактын Көк-Арт өрөөнүндө массалык түрдө "Манас" айтып жаткан учурда мектеп окуучуларын жүк ташуучу унаа тебелеп кеткен. Учурда “жоопкерчилик кимде?” деген суроого жооп изделип жатат. “Окуучуларды тоого алып барып, мажбурлап "Манас" айттыруунун кереги бар беле?” деп суроо салгандар бар. “Бул деген кырсык, кокустукту шылтоолоп "Манаска" шек келтирген туура эмес” дегендер да арбын. Окуяга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев комментарий берип, “мурун 1-2 адам "Манас" айтып, миңдеген адамдар угуп отурчу. Азыр миңдеген адамдар "Манас" айтат, бирок эч ким укпайт. Окуучуларды массалык иш-чараларга тартууну көзөмөлдөш керек” деди. Чын эле мектеп окуучуларын мажбурлап талаа-түзгө алпарып "Манас" айттыруу канчалык зарыл? Жапырт "Манас" айттыруу кампаниясы максатына жетеби, же куру убаракерчиликпи? Манасты жаш муунга сиңирүүнүн башка жолдору жокпу? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издөөгө аракет кылдык.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 10-майда чыккан жаңы - №1118 санынан окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан