Кадамжайда мечиттин курулушуна чогулган акчаны уурдаган шектүү кармалды

Баткенде мечиттин курулушуна топтолгон акчаны уурдаганга шектелип, изи сууй электе бир жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылындагы "Зийабидин ажы" мечитиндеги курулушка топтолгон 67 миң 500 сом каражатты темир кутудан белгисиз жарандар уурдап кеткен.

Бул факты Кадамжай РИИБине Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жыйынтыгында кылмыштын изи сууй электе мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну К.Б. Кадамжай районунун аймагынан кармалган. Ал уурдаган акчаларын мечитке кайтарып берди.

"Учурда уурулукка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан