УКМК: Ысык-Атада мыйзамсыз иштеп келген майнинг ферма аныкталды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мыйзамсыз иштеп келген майнинг ферма аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган майнинг ферманын ээлери өлкөнүн "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамына баш ийбестен, расмий каттоодон өтпөстөн, милдеттүү сертификатты албастан, каттоо үчүн жыйымдарды ошондой эле башка төлөмдөрдү төлөбөстөн криптовалюталарды өндүрүп келишкен.

"Учурда аталган мыйзамсыз аракетке тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маатыматта.

Ошондой эле атайын кызмат мыйзамсыз иштеп келген майнинг фермадан 700дөн ашуун жабдык алынганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан