Орусиядагы мектепте окуучу бычак жана балка менен классташтарына кол салды

Орусиянын Челябинск шаарында 13 жаштагы окуучу балка жана бычак менен классташтарына кол салды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү телеграм каналдары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя Барбюс көчөсүндө жайгашкан №68 мектепте эртең мененки саат 9дар чамасында болгон. Анда биринчи сабак бүтөөрүнө бир нече мүнөт калганда класска 13 жаштагы Роман Г. А аттуу окуучу кирип, дароо эле колундагы бычак жана балкасы менен оңго-солго сокку ура баштаган.

Ал кармалганга чейин үч классташын жарадар кылганга үлгүргөн. Алар эки бала жана бир кыз. Жабыркагандардын бири учурда реанимацияда комада жатат.

Окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп жатат, администрациянын өкүлдөрү да келишкен. Учурда өспүрүмдүн буга эмне себептен баргандыгы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан