Өзбекстан өз үйүндө Дүйнө чемпиондугу менен коштошту

Бүгүн, 20-сентябрда Өзбекстанда өтүп жаткан футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунун "А" тайпасынын 3-турдук оюндары өттү.

Анда Ташкент шаарында Өзбекстан менен Коста-Рика курамалары кез келип, беттеш 3:5 эсебинде Коста-Риканын жеңиши менен аяткады. Коста-Рика акыркы 10 мүнөттө 3:3 эсебинде тең келе жатып, 2 голду киргизип кетти.

Бухарадагы Универсал спорт комплексинде өткөн параллелдүү беттеште Нидерланды менен Парагвай курама командалары күч сынашты. Бул беттеш 5:2 эсебинде Нидерланды курамасынын жеңиши менен аяктады.

Муну менен Парагвай курамасы алты упай менен "А" тайпасында биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду 5 упайы менен Нидерланды курамасы камсыздады. Бул эки команда Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына түз жолдомо алышты.

Коста-Рика курамасы төрт упай менен үчүнчү орунду ээлеп, 1/8 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздады. Өзбекстан курамасы 1 упайы менен тайпада акыркы орунду ээлеп, Дүйнө чемпиондугу менен коштошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан