"Оюнга катышпайт". "Ак шумкарлардын" негизги оюнчусу оюн алдында жаракат алды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу Християн Браузман машыгуу учурунда бутунан жаркат алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.

Браузман таманынын тарамышынан жаракат алган. Мындан улам алдыдагы оюндарга катыша албайт. Анын калыбына келүүсүнө эки-төрт жумалык убакыт керектелет.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы ноябрда эки оюн өткөрөт. Биринчиси бүгүн, 14-ноябрда конокто БАЭ курамасына каршы болсо, 19-ноябрда Иранды өз үйүндө кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан