Эльвира Сурабалдиева: "Айып пулдар менен бизнестин түбүнө жетейин деп жатасыңарбы?" 

Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өрт коопсуздугу эрежесин бузгандарга салынган айып пулдун көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, четке кагылды.

Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов тааныштырды. Ал учурда өрт коопсуздугу эрежелерин бузган жаранга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынарын айтып, бул айыптын өлчөмү аз болгондуктан жарандар жана ишкерлер өрт коопсуздугунун талаптарын аткарууга көңүл кош мамиле жасап жатканын белгиледи.

Мындан улам мыйзам долбоорунда айыптардын өлчөмдөрүн төмөнкүдөй көбөйтүү сунушталган:

1) өрт коопсуздугунун эрежелерин бузган жеке адамдар үчүн 7500 сом бойдон калат, ал эми юридикалык жактарга каралган 23 000 сом учурдагы айыптын өлчөмүн 100 миң сомго көбөйтүү.

Юридикалык жактар ​​үчүн бул сумманы төрт эсе кылып белгилөө сунушталууда, анткени юридикалык жак эки эсе көп жоопкерчилик тартат.

2) жалпы көлөмү 500 соода түйүнүнөн ашкан соода объектилеринде өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн 200 миң сом айып;

3) жалпы көлөмү 3000 соода түйүнүнөн ашкан соода борборлорунда өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 1 миллион сом айып пул салуу сунушталган.

Депутат Эльвира Сурабалдиева соңку учурда өкмөт айып пулдарды көбөйтүп жатат деп сындап, мындай чаралар ишкердикке кыйынчылык жаратарын айтып чыкты.

“Бизнестин жарымы камалып отурат, калган жарымынын түбүнө айып пулдар менен жетейин деп жатасыңарбы? Олчойгон айыпты коюп жатасыңар. Аны соода борборлорго, базарларга салганыңар менен аны баары бир чакан түйүндөр төлөйт. Өкмөт жарандарга шарт түзбөй эле, "бизнес өкмөт" болуп калдыңар. Жалаң айыптар... Жарандар коркконунан эле унчукпай турат.

Ишкерлер араң отурганда 1 миллион деп кантип уялбай алып келип атасыңар? Эптеп эле элди тономой. Элдин баары бизнестерин Казакстан, Өзбекстанга көчүрүп жатышат. Миллиондоп тоногондой эмне шарт түзүп бердиңер?", - деген эл өкүлү кесиптештерин мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө үндөдү.

Жыйынтыгында каттоодон өткөн 84 депутаттын 13ү "макул" добуш берсе, 31 эл өкүлү "каршы" болуп, мыйзам долбоору четке кагылды.

Жогорку Кеңеш 19.12.24
Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан