Владимир Кличко 45 жашында дүйнө чемпиону болгон америкалык Жорж Формандын рекордун жаңылоо үчүн рингге кайтып келиши мүмкүн. Бул тууралуу анын промоутери Том Лоффлер ESNEWS YouTube каналында билдиргенин орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, оор салмактагы WBA (Super), IBF, IBO жана WBO версиялары боюнча мурдагы чемпион украиналык мушкер рингге кайтып келип, Жорж Формандын рекордун жаңыртышы мүмкүн.
“Владимир титул үчүн күрөшүп, Формандын рекордун жаңыртарын айтты, ошондо көрөбүз. Ал 48де, март айында 49га чыгат. Эгер кимдир бирөө муну жасай алса, бул Владимир. Албетте, ал Усик менен күрөшпөйт. Мен аны кайрадан рингде көргүм келет”, - деп билдирген Лоффлер.
Айта кетсек, Форман титулду 1994-жылы 45 жашында жеңип алып, эң кары оор салмактагы чемпион болгон.