Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун бүгүн, 31-январдагы жыйынында депутат Нурбек Алимбеков Кара-Суу районунун Медресе айылында окуучулар төрт нөөмөт менен окуп жатканын билдирди.
"Былтыркы жылы 100 мектеп курулду. Медресе айылында окуучулар 4 нөөмөттө окуп жатканын 3 жылдан бери айтып жатабыз. Мурунку, азыркы министрге дагы айткам. Сөзсүз тизмеге киргизебиз деп келесиңер. Бүгүнкү күндө жыйынтык жок", - деп билим берүү министрлигинин өкүлүнө кайрылды.
Министрликтин өкүлү аталган Момбеков атындагы мектеп боюнча кайрылуу эки жыл мурун келип түшкөнүн, учурда ал боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.