Касымалиев Япониянын премьер-министринин атайын кеңешчисин кабыл алды

Бүгүн, 3-февралда Бишкектеги “Ынтымак ордо” Президенттик администрациясында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Кыргызстанга иш сапары менен келген Япониянын премьер-министринин атайын кеңешчиси Акихиса Нагасиманын жолугушуусу болуп өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, программалык жана аймактык күн тартибин камтыган эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы Японияга жасаган расмий сапары эки тараптуу мамилелерге күчтүү дем бергенин белгилеп, бул динамиканы эң жогорку жана бийик деңгээлдеги үзгүлтүксүз өз ара сапарлар аркылуу сактап турууну сунуштады. Тарыхта биринчи жолу өтүүчү “Борбор Азия + Япония” мамлекет башчыларынын диалогу саммитине карата даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Касымалиев Япониянын ишкерлерин экономиканын негизги тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле ал Кыргызстандын Улуттук күнүн өткөрүү пландалып жаткан, 2025-жылдын 6-июнундагы Осака шаарында ЭКСПО 2025ке катышууга өлкө активдүү даярдык көрүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Нагасима Япония Кыргызстан менен ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерге туруктуу экенин билдирди. Ал ошондой эле энергетика, туризм жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан