Депутаттар аты-жөнүн алмаштырууда кеңири тандоо берген мыйзамды үчүнчү окууда колдоду

Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында кыргызстандыктар үчүн аты-жөнүн өзгөртүүдө тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Талкуу учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков балдар үйүндө өскөндөрдүн, аталык укуктан ажыратылгандардын балдарынын аты-жөнүн өзгөртүүнүн жол-жобосуна кызыкты.

Жыйынтыгында каттоодон өткөн 80 депутаттын 71и колдосо, "каршы" добуш бергендер болгон жок.

Эске салсак, аталган мыйзам парламентке 26-декабрда биринчи окууга кирип, колдоо тапкан. Анда документтин демилгечилеринин бири, депутат Мирлан Самыйкожо мыйзамда өлкө жарандары үчүн фамилия жаздырууда же алмаштырууда жаңы варианттарды кошуу сунушталганын белгилеген.

Анын айтымында, учурда колдонулуп жаткан "ов", "вич", "ова", "уулу", "кызы" деген аталыштар кала берет да, булар менен бирге жаңы аталыштар кошулат. Эл өкүлү долбоордо чоң атасынын атын кыскартып кошуу, чоң атасынын кыскартып кошулган атынан кийин эркектерге атасынын аты менен "уулу", кыз-келиндерге "кызы" дегенди улантып жаздыруу, ошондой эле мааниси жагынан так болушу үчүн мурда чоң атасына уланчу "тегин" деген аталышты эми "теги" кылып кыскартуу, чоң атасынын атынан кийин "теги" жаздырган эркек жынысындагыларга өз атынан кийин атасынын атына илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн улап жаздыруу, аял жынысындагыларга атасынын атына чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн улап жаздыруу каралганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан