Депутат кыргыз тилдүү бүтүрүүчүлөргө ЖРТнын алтын сертификатын өзүнчө берүүнү сунуштады

Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров кыргыз тилдүү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү өзүнчө түзүп чыгууну сунуштады.

Ал кыргыз тилдүү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли төмөн болуп жатканын белгиледи.

"Мунун залакасын биз Жогорку Кеңеште дагы көрүп жатабыз. Мына өткөндө эле министр келип, трибунадан жооп берип жатат, өзү күчтүү айтишник, билимдүү адис, бирок орус мектепте окуган. Кыргыз мектептен андай күчтүү билим алып, ЖРТдан алтын сертификат алгандар жокко эсе. Мен сизге (ред.: билим берүү министри Кендирбаева) бир жыл кат жаздым. Такыр эле көңүл кош болуп койдуңар.

"Кыргызча ЖРТ тапшыргандарга алтын сертификат өзүнчө берилсин, кыргыз мектептердин билим деңгээлин көтөрүү үчүн өзүнчө программа кабыл алгыла" деп сунуш бердим. Тескерисинче, министрлик "эмнеге депутатка билим деңгээли төмөн дейсиңер" деп мен барган мектеп директорлоруна чалып коркутуптур. Биз антип маселени чече албайбыз. Эгер чече албасак, анда кыргыз тилинин деңгээлин дүйнөлүк аренага алып чыга албайбыз", - деди Абакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан