Министр президенттин стипендиясын алып чет жакта окугандар өлкөгө келбей жатышканын айтты

Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын алып, чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларда окугандар кайра өлкөгө келип иштөөдөн баш тартып жатышканын билдирди.

"Алар Кыргызстанга такыр келбей жатат. Былтыр биз "милдеттүү түрдө мамлекетке 5 жыл иштейт же төлөнгөн келишимдик акыны төлөп бериши керек" деген катуу эреже киргиздик. Ваканттык орундарга да чакырып жатабыз, келбей жатышат", - деди ал.

Кендирбаева президенттин стипендиясын үч жылда 36 кыргызстандык алганын, аларга 177 миллион 747 миң сом жумшалганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан