Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Бишкек жылуулук электр борбору" (ЖЭБ) муниципалдык ишканасынын учурдагы иши менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда өкмттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Касымалиевге Бишкек ЖЭБинин иши, өндүрүштүк кубаттуулугу, техникалык мүнөздөмөлөрү, учурдагы көрсөткүчтөрү жана 2025-жылга карата оңдоо иштеринин планы тууралуу кеңири маалымат берилди. Өзгөчө көңүл борбор шаарды ишенимдүү энергия менен камсыздоо жана учурдагы жүктөмдүүлүк мезгили, ошондой эле ЖЭБде 2024-жылдагы авариялык кырдаалдан кийин жабдууларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматка бурулду.

Ишкананы текшерүүнүн жыйынтыгында ЖЭБдин жыйындар залында 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилинин жыйынтыгын чыгаруу, көйгөйлүү маселелерди талдоо жана аларды чечүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өттү. Атап айтканда, түтүнгө каршы күрөшүү маселеси, ошондой эле Бишкек шаарын газдаштыруу программасын ишке ашыруунун алкагында ЖЭБ үчүн отун катары колдонулуучу жаратылыш газынын үлүшүн көбөйтүүнүн келечеги талкууланды.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан