Жогорку Кеңеште MCN Coin криптоактиви тууралуу маселе көтөрүлдү (видео)

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эмил Токтошев MCN Coin криптоактиви тууралуу маселе көтөрдү.

Жыйында эл өкүлү Улуттук банк элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алдамчылыкка жол бербөө үчүн криптоактивдер тууралуу маалымат берүү керектигин жана тийиштүү органдар тарабынан эртерээк көңүл бурулса болмоктугун билдирди.

"Азыр коомчулукта MCN Coin криптовалютасынын окуясы ызы-чуу жаратып жатат. Миллиондон ашык адам алданып, жалпы 2,5 миллион доллар акчаны чогултуп алыптыр. Буга укук коргоо органы, ИИМ жана УКМК эртерээк көңүл бурса, мүмкүн, мынчалыкка барбайт болчу. Жогорку Кеңеш буга жаңы мыйзамдарды карап чыгуубуз керек.

Албетте, Улуттук банк бул нерсени көзөмөлгө албайт. Бирок сиздер дагы элге маалымат беришиңиздер керек. Мунун баары финансылык жактан сабатсыз болгондон улам келип чыгууда жана аны аттуу-баштуу адамдар жарнама кылып, аларга көмөк көрсөтүүдө. Бул өтө чоң сумма болуп жатат. Видеолорун көрүп жатабыз, адамдарды жөн эле алдап алган. Улуттук банк, сиздер билдирүү жасап, маалымат беришиңиздер керек", - деди депутат.

Белгилей кетсек, коомчулукта MCN Coin криптоактиви тууралуу кырдаал уюштуруучулардын бири адамдар аларга алданганын айтып чыккандан баштап талкуу жаратууда.

5-февралда УКМК кызматкерлери бир нече адамды кармашкан. Шектүүлөрдүн бири Дубайга учууга аракет кылып жатканда кармалган.

MCN Coin виртуалдык активинин негиздөөчүсү И.С. уюштуруучулар 2,5 миллион доллардай каражат тапканын, бирок акчаны жарандарга кайтарып бере албастыгын билдирген.

Жогорку Кеңеш 10.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан