Зеленский АКШ менен кен байлыктар боюнча келишимге кол коюудан баш тартты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мюнхенде АКШ менен келишимге кол коюудан баш тартты, анда АКШ Украинанын бардык кен байлыктарынын жарымын алат деп болжолдогон. Мындай билдирүүсүн Washington Post гезитинин журналисти Жош Рогин жазып чыкты.

“Бул жерде Мюнхенде бир нече конгрессмендер мага АКШнын конгрессинин делегациясы Зеленскийге Украинанын келечектеги кен байлыктарынын 50 пайызына АКШга укук бере турган документти тапшырганын айтышты. Зеленский жөн гана кол коюудан баш тартты, — деп жазган ал.

Рейтер агенттиги Зеленский Мюнхенде америкалык сенаторлор тобу менен жолугушууда АКШ даярдаган келишимге тынчсыздануусун билдиргенин жазды.

"Зеленский Украина өз сунушун өлкөнүн Баш мыйзамына негиздей турганын айтты. 14-февралда Киевдин өкүлдөрү АКШга минералдык ресурстар боюнча эки тараптуу келишим түзүү боюнча өз сунуштарын беришти", - деп белгилейт агенттик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан