Орусия АКШдан Сауд Арабиясындагы америкалык жана украиналык делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган сунуштар боюнча маалымат күтүп жатканын президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, Кремль АКШ менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийинки билдирүүлөрдү кылдаттык менен изилдеп жатат. Ошондой эле эки тараптуу телефон сүйлөшүүлөрдү да ыкчам уюштурууга даяр экендигин кошумчалады.
Песков "Орусия менен Украинанын 30 күндүк элдешүүсү Орусия үчүн пайдалуубу?" деген суроого жооп берип жатып, Москва алгач Вашингтондон маалымат алышы керектигин белгиледи. Ал АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен президенттин кеңешчиси Майк Уолтц сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын Орусияга жеткирүүгө убада бергенин эске салды.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Украина Сауд Арабиясында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир нече багыттар боюнча биргелешкен билдирүү жасашкан. Анын катарында Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу багыты да каралган.