
Ош шаарынын «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп
Жумашбек Аттокуров дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде калаа мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Белгиленгендей, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Кабарга ылайык, Аттокуров буга чейин Ош электр тармактар ишканасында эмгектенген.