Бишкекте №31 мектепте классташынын соккусунан каза болгон 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-апрелдеги жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Айтымында, учурда соттук-медицианалык, биологиялык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.
"Окуяга күбө болгон жарандар, окуучулар, мугалимдер суралып жатат", - дейт Урмамбетов.
Айта кетсек, 15-апрелде борбордо мектепте окуучу кыз каза болгону маалымдалган. Милиция тактагандай, өспүрүм кыз 15 жаштагы классташ баласы менен уруша кеткен. Бала кыздын денесине залал келтирип, ал ошол жерден эсин жоготуп, кийинчерээк каза болуп калган.