Индиянын Ахмедабад шаарында учактын кулаган видеосу тарады. Анда турак жайларга жакын учуп барып кулаган учактын жарылып кеткенин көрүүгө болот. Кыйраган учактын айрым бөлүктөрү турак жайлардын үстүнө түшкөндүгү айтылды.
Жабыркагандардын саны азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, учакта 242 жаран бар экендигин айтылса, компания 195 жүргүнчү, 10 экипаж мүчөсү болгондугун билдирүүдө.
Air India авиакомпаниясына таандык учак Лондонго бара жаткан.