Актёр Том Круз ардактуу "Оскар" сыйлыгын алат 

Америкалык актёр Том Круз кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардактуу "Оскар" сыйлыгын аларын Америка киноискусствосу жана илимдер академиясы билдирди.

Сыйлык ага кинодогу мыкты жетишкендиктери, кинематографиялык искусствону жана илимди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы жана академияга көрсөткөн мыкты кызматы үчүн ыйгарылары белгиленген.

Сыйлык тапшыруу аземи 16-ноябрда Лос-Анжелестеги Ovation Hollywood борборунда өтөт.

Буга чейин актёр кинодогу трюгу үчүн Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан