Ош: Ак-Тилекте төрт көчө асфальтталып, үч көпүрө пайдаланууга берилди (фото)

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда төрт көчө асфальтталып, үч көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кышкы рейддик кыдыруу учурунда Ак-Тилектеги №5-10-11-көчөлөрүндө болуп жашоочулардын сураныч, сунуштарын уккан. Анын негизинде аталган үч көчөнү жана Улан Жороев көчөсүн толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, жолго толук асфальт төшөп, оңдоо тапшырмасын берген.
Берилген тапшырма аткарылып, төрт көчөгө асфальт басылып, пайдаланууга берилди. Аны менен бирге Ак-Тилек кичи району менен Достук кичи районунун байланыштырган үч көчөнүн башына көпүрө курулуп бүттү. Мурда эки райондун жашоочулары көпүрөнүн жоктугунан улам айланып жол жүрүүгө аргасыз болушкан.
Эске салсак, жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашыл аймак каралып, тротуар курулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан