Канаданын премьер-министри Марк Карни АКШнын президенти Дональд Трамп аны менен жолугушууда Канаданы АКШга кошуу сунушун айтпаганын билдирди.
"Жок. Ал Канадага чоң урмат көрсөттү",- деди Карни басма сөз жыйынында.
Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери 16-17-июнь күндөрү өткөн чоң жетиликтин (G7) саммити башталар алдында жолугушкан.
Трамп буга чейин бир нече жолу Канаданы АКШнын курамына кошуу керек деген идеясын айтып келген.