22 жаштагы кызды жарандык никедеги күйөөсү муунтуп койгон 

Орусияда бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы Вика Нечаеванын жансыз денеси жуурканга, скотч менен оролгон абалда табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Виканын жигити аны жарандык никедеги күйөөсү жана анын апасы өлтүргөнүн айтты.

Вика 20 жаштагы Андрей (жарандык никедеги күйөөсү) менен эки жыл мурун жумуштан таанышкан, алар кесиптеш болгон. Көп өтпөй бирге жашап башташат. Бала кызды кызганып, кол көтөрүп баштаган. Апасына кыз арызданып, бирок күйөөсүн жакшы көрөрүн айтып чыдап жүргөн. Ушул жылдын май айында ажырашам деп чыккан. Ал ошол маалда интернет аркылуу башка бала менен сүйлөшүп жүргөнү айтылат. Кыз ал жигиттин үйүнө көчмөк болуп, "сени менен жашабайм" деп үйдөн кетип жатканда Андрей кызды муунтуп өлтүрүп койгон. Андан соң апасы экөө токойго алып барып жуурканга ороп, скотчтоп көмүп салышканы тергөөдө аныкталды.

Кызды жаңы жигити издеп, анын күйөөсү жана кайненеси менен эки жолу жолукканда алар кыздын үйдөн чыгып кеткенин айтышкан.

17-июнда кайненеси күнөөнү мойнуна алып милиция кызматкерлерине окуяны толук айтып берди.

Тергөөчүлөр аныктагандай, эне-бала Виканы жуурканга, анан сумкага ороп, скотч менен ороп салышкан. 10-июнда саат 23:00 чамасында сөөктү алып чыгып, унаасына салып кетишкен. Жолдо тез тамактануучу кафеге токтоп тамактанышып, андан соң дачага токтоп, күрөктөрдү алып, кызды көмүп келишкен. Эртең менен алар үйгө кайтып, кадимкидей жумушка барышкан.

Учурда шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан