Израилден шартсыз ок атышууну токтотуу жана агрессия кайталанбайт деген кепилдик алуу Иран-Израил чыр-чатагын токтотуунун бирден-бир жолу. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан билдирди.
"Биз дайыма тынчтыкка жана туруктуулукка умтулуп келгенбиз. Бирок азыркы шартта таңууланган согушту токтотуунун бирден-бир жолу - душмандын агрессиясын эч кандай шартсыз токтотуунун кепилдиктери. Антпесе биздин душманга жообубуз каталыраак болот жана аны ого бетер өкүндүрөт",- деп жазды ал X социалдык тармагында.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Ирандын өзөктүк программасына каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпеген убакыттан кийин Тегеран жооп чабуулун жасаган. Андан бери эки тараптуу чабуулдар уланууда.