АКШда соту Лос-Анжестеги Улуттук Гвардиянын көзөмөлү Трампта калуусуна чечим чыгарды

АКШнын Апелляциялык соту Лос-Анжелес шаарында жайгашкан Улуттук гвардия бөлүктөрү президент Дональд Трамптын көзөмөлүндө кала бериши керек деген чечим чыгарды. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

Сот мамлекеттик судьянын Улуттук гвардиянын көзөмөлүн Калифорниянын губернаторуна кайтаруу боюнча мурда чыгарган чечимин карап чыгып, аны жокко чыгарды. Соттун үч судьясынан турган курамы бир добуштан Трамп гвардияны федералдык көзөмөлгө алуу чечимин мыйзамдуу кабыл алган деген жыйынтыкка келди.

Апелляциялык соттун билдиришинче:

  • Президенттерде ар дайым чексиз укук болбосо да, бул учурда Трамптын администрациясы митингдер учурундагы зомбулуктар жана федералдык имараттарга келтирилген зыян тууралуу жетиштүү далилдерди көрсөткөн;
  • Бир нече федералдык имаратка зыян келтирилген жана бирөөсү жабылган;
  • Мындай окуялардын алдын алуу боюнча федералдык өкмөттүн кызыкчылыгы өтө маанилүү деп табылган.

Бул чечимге байланыштуу Truth Social платформасында билдирүү калтырган Дональд Трамп, сот чечимин "Улуу Жеңиш" деп атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан