Орусиянын Нижневартовск шаарынын дарыгерлери шакек жутуп алган 3 жаштагы баланы сактап калышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Үч жашар бала ойноп отурган учурда өңү кубарып кеткен. Аны ата-энеси байкап калып, ооруканага кайрылышат. Дарыгерлер баланын ашказанынан шакек алып чыгышты.
"Шакек ичеги-карындын былжыр челине жабышып, перитонитке алып келиши мүмкүн болгон. Эгерде шакекти алып чыга албаганыбызда, экстремалдык чараларга - лапароскопияга, башкача айтканда, хирургиялык кийлигишүүнүн жардамы менен денесин кесип алып салууга туура келмек",- деди балдар хирургу Ирина Фадеева.