Кечээ, 19-июнда Актөбе облусунун Шалкар шаарында жаңы ачылган сейил бакта 10 жаштагы баланы ток уруп, ал оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, баланы "Тез жардам" кызматы Шалкар райондук ооруканасына жеткирген. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Андан кийин видеобайланыш аркылуу облустук көп профилдүү балдар ооруканасынын адистери менен кеңешме өткөрүлүп, дароо сунушталган дарылоо чаралары көрүлгөн.
Бүгүн бала санитардык авиация менен Актөбөдөгү облустук балдар ооруканасына жеткирилди. Учурда ал дагы деле оор абалда, реанимация бөлүмүндө дарыланууда.
Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Электр тармактары толугу менен текшерүүгө алынган. Сейил багын куруу жана коопсуздук үчүн жооптуу адамдар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Шалкар районунун акими Жанболат Жидехановдун айтымында, бала сейил бактагы жарык берүүчү чыракка чыгып кеткен, ошол учурда ток урган.
"Бул – жаңы эле курулган кичинекей сейил бак. Аны 9-майда, Жеңиш күнүндө ачышкан. Окуядан кийин полиция дароо келип, жеринде кароо жүргүздү. Ачык зымдар табылган жок, бирок бала фонарга чыгып кеткен", - деди аким.
Маалыматка ылайык, сейил бакты жасалгалоого 9 миллион теңгедей акча сарпталган.
Окуя болгон жерден тартылган кадрлар социалдык тармактарда тарады. Учурда бул факт боюнча тиешелүү органдар текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.