Тегеранда миңдеген тургундар чогулуп, Израил менен жетишилген тынчтык келишимин жеңиш катары майрамдашты.
Ирандык маалымат каражаттары кечээ, 24-июнь күнү кечинде миңдеген адамдар чогулган видеолорду жарыялап, алар Израил менен АКШнын үстүнөн болгон жеңишти майрамдап жатышат деп белгилешти.
Видеолордон Иран желектерин, жогорку лидер Али Хаменеинин, бир катар командирлердин сүрөттөрүн кармаган адамдарды көрүүгө жана Иранды колдогон ураандарды угууга болот.
Бул митинг Иран өзүнүн стратегиялык жеңиши деп эсептеген Израил менен ок атышууну токтотуу тууралуу кабарлардын фонунда өттү. Аталган иш-чара Израилдин соккусунан өлдү делген Ирандын сакчылар корпусунун Кудс күчтөрүнүн командачысы, генерал Исмаил Каани да катышканы айтылууда.
Буга чейин Ирандын Жогорку Улуттук коопсуздук кеңеши Тегеран Израилди жеңгенин жарыялаган.
Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Тегеран жашыруун аскердик өзөктүк программасын ишке ашырып жатат деп айыптап, Иранга каршы операция баштаган. Иранда жооп иретинде Израилге бир катар ракеталык соккуларды урду.
Эки өлкө кечээ, 24 июнда ок атышпоо келишимине келишкени маалым болду.