Ош шаарында айдоочу кызга агрессивдүү жана орой мамиле кылган эркек кишиге чара көрүлдү. Бул тууралуу калаа милициясынын маалыматында айтылат.
Окуянын видеосу 29-июнда социалдык тармактарга тараган. Кыска убакыттын ичинде анын катышуучулары аныкталып, алар тергөө иш-чаралары үчүн жеткирилди.
Агрессия көрсөткөн жигит 1998-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну экени аныкталды. Млициянын маалыматы боюнча, окуя болгон учурда ал унааны мас абалында айдап жүргөн. Ага карата административдик протокол түзүлүп, унаасы айып короосуна токтотулду.
"Сурак учурунда ал күнөөсүн моюнуна алып, мас болгонун жана кызга айткан уят сөздөрү үчүн кечирим сурады",- деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Ал эми айдоочулар ортосундагы жаңжал жол талаштан улам келип чыккан.