
Өлкөдө айрым багыттар боюнча сырттан окууга кабыл алууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги кабарлады.
Мындай чечим коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2025-2026-окуу жылында төмөнкү багыттар боюнча бакалавр жана магистратура программаларына сырттан окуу формасына студенттерди кабыл алууга тыюу салынат:
- Юриспруденция;
- Экономика;
- Менеджмент.
Мораторий бардык менчик жана мамлекеттик ЖОЖдорго тийиштүү болот.