Бүгүн, 1-июлда Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасына жаңы заманбап медициналык жабдыктар тапшырылды. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага президенттин облустагы өкүлү Элчибек Жантаев катышып, медициналык жабдыктар облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3,4 миллион сомго сатылып алынганын белгиледи. Аталган жардамдын алкагында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жасалма дем алдыруучу аппарат жана эки даана кувез тапшырылды.
"Тапшырылган жабдыктар өзгөчө наристелердин физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган. Бул ыкма менен оорукананын материалдык-техникалык базасы дагы да бекемделип, медициналык тейлөөнүн сапаты жогорулайт",- деп айтылат маалыматта.