Францияда аномалдуу ысыктан улам Эйфель мунарасынын администрациясы эң жогорку кабатты зыяратчылар үчүн убактылуу жапты. Бул тууралуу Париж мунарасынын расмий сайтына жарыяланды.
"Учурдагы аномалдуу ысыкка байланыштуу Эйфель мунарасы зыяратчылардын жана кызматкерлердин ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрүп жатат. Мындан улам мунаранын эң жогорку кабаты 1-2-июль күндөрү жабык болот. Ал эми 1-2-кабаттагы бөлүгү мурдагыдай эле ишин уланта берет",- деп жазылат билдирүүдө.
Администрация тактагандай, жабылган жайга алдын ала сатып алынган билеттердин чыгымы электрондук почта аркылуу кайтарылат.
Bloomberg агенттиги 30-июнда Батыш Европада жакынкы күндөрү аномалдуу ысык күтүлөрүн кабарлаган. Ага ылайык, аба табынын жогорулашы электр тармактарына жана саламаттык сактоо тармагына коркунуч келтириши ыктымал.