Нарын облусунда бир нече кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бүгүн, 3-июлда Нарын облусунда бир нече кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Адыл Сапаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Руслан Сапарбеков дайындалды.

Ошондой эле Абдырайым уулу Шабдан президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Бул кызматка Айдана Иманалиева дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эске салсак, 27-июнда президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп Нурбек Сатаров дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан