Португалиянын курама командасынын капитаны Криштиану Роналду мурдагы командалашы Диогу Жота жана анын бир тууганы Андре Силва менен коштошуу аземине барбаганы үчүн сынга кабылды.
Чет элдик басылмалар жазгандай, көпчүлүк Роналду ал жакка барып, маркумдардын үй-бүлөсүнө көңүл айтат деп күткөн. Бирок ал жума жана ишемби күндөрү өткөн коштошуу иш-чараларына келген эмес. Учурда футболчунун чет өлкөдө эс алып жүргөнү айтылды.
Коштошуу аземине Португалия курамасынын оюнчулары Бернарду Силва, Диогу Далот, Жоау Канселу, Рубен Невеш жана башкы машыктыруучу Роберто Мартинес катышты.
Португалиялык спорттук баяндамачылар Роналдунун мындай аракетин "түшүнүксүз" жана "кабыл алынгыс" деп сыпатташты. Социалдык тармактарда да күйөрмандар капаланып, капитандын ушундай оор учурда жоктугуна нааразы болушту.
Футболчу тараптан расмий комментарий боло элек. Бирок буга чейин ал Instagram баракчасында эмоционалдуу билдирүү жазып, көңүл айткан.
A Bola басылмасынын маалыматына ылайык, Роналду эгерде ал коштошуу аземине катышса, анда бул Жотанын үй-бүлөсүнө медиа тарабынан басым жаратып коюшу мүмкүн деп эсептеген. Ошондой эле, ал Жотанын жакындары менен бул маселени сүйлөшүп, алардын макулдугу менен аземге барбоону туура көрүшкөн.
Эске сала кетсек, Диогу Жота жана анын агасы Испаниядагы A-52 трассасында жол кырсыгынан каза болушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын Lamborghini унаасы катуу ылдамыкта бара жатып, дөңгөлөгү жарылып кеткендиктен жолдон чыгып кеткен.