
Кечээ, 6-июлда Жумгал районунун Дүңгүрөмө айылындагы Как тилкесинде "Минерал Прайм" ишканасынын көмүр казып чыгаруу карьеринде жер көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн көлөмү болжолдуу 1 миллион кубду түзөт. Ал жерде адам өмүрүнө жана техникаларга зыян келген жок.
Аталган карьерде коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан көмүр кенин казуу ӨКМ тарабынан убактылуу токтотулду.
Белгилей кетсек, буга чейин жер көчкү тууралуу маалымат социалдык тармактарда тараган.