Аргентинанын, Чилинин жана Уругвайдын аймактарында кеминде он беш адам сууктан улам каза тапты. Бул тууралуу Le Monde басылмасы жазды.
Сантьяго университетинин климатология илимдеринин доктору Рауль Кордеро билдиргендей, бул суук Антарктидадан келген полярдык аба массаларынын айланышы менен шартталган.
Аргентинанын аймактарында ушул кышта кеминде тогуз киши сууктан каза болгон. Буэнос-Айресте температура 34 жылдан бери эң төмөнкү деңгээлге түшүп, -1,9 градус болгон. Электр энергиясына болгон жогору суроо-талаптан улам айрым райондордо электр жарыгы 24 сааттан ашык убакытка өчүп калган.
Өлкөдө Атлантика жээгиндеги Мирамар сыяктуу пляждар кар менен капталып, Патагониядагы Макинчао шаарында -18 градус суук катталган. Аргентина өкмөтү газ жеткирүүнү ишканаларга жана күйүүчү май бекеттерине убактылуу токтотуп, калкка газды жеткирүүгө басым жасады.
Уругвайда айрым аймактарда температура нөлдөн төмөн түшүп, алты киши каза болгондон кийин өлкө боюнча "кызыл коркунуч" жарыяланды. Бул чара менен өкмөт жабыркаган жана үйү жок адамдарды убактылуу башпаанекке жайгаштырууга мажбур болду. Монтевидеодо температура 30-июнда -5,8 градуска жетип, бул 1967-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болду.
Чилиде Сантьягодон 400 чакырым түштүккө жайгашкан Чильян шаарында температура -9,3 градус болду. Атакама чөлүндө акыркы он жылда биринчи жолу кар жаады.
Эске салсак, Түштүк Америкада кыш июнь-июль-август айларында келет. Түндүк бөлүктөгү түздүктөрдө жыл бою температура +20…+28 градус тегерегинде болсо, түштүктө январь айында +10 градуска чейин төмөндөйт.