"Маңкуртчулук". Исхак Масалиев министрлер кабинетинин отставкага кетишин талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев министрлер кабинетинин отставкага кетүүсүн талап кылды.

Ал өкмөттүн эски аянттагы мурдагы өкмөт үйүнүн, Жогорку соттун жана "Кабар" агенттигинин имараттарын тарых жана маданият эстеликтери деген макамынан ажыраткан чечимин сынга алды.

"Эми бул чыныгы маңкуртчулук. Министрлер кабинети жана анын башчысы отставкага кетсин. Адылбек Алешевич, мен сизден мындай алсыздыкты күткөн эмесмин. Урматтуу достор, азыр СССРдин курамында болгон 73 жылдык тарыхыбыз жок болуп баратат",- деп жазды Масалиев социалдык тармактагы баракчасына.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-07-07 12:17:00
сен кимдин заказын аткарып жатканыңды элдин баары эчак билип бүткөн, ошондуктан маңкурт өзүңсүн!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан