Түркияда бир эле күнү үч шаар — Анталия, Адана жана Адыямандын мэрлери кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып жатышат.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, кармалгандар Республикалык элдик партиянын оппозициялык мүчөлөрү болуп эсептелет. Алар коррупцияга шек саналып жатат.
Эске салсак, быйыл март айында Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу кармалган. Саясатчы жана анын тарапташтары коррупцияга, паракорлукка жана жемкорлукка байланыштуу айыптар менен кармалган болчу.