Мурманск облусунда 5-июлда башталган "Спортфест Хибины-2025" чуркоо фестивалы эки адамдын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, иш-чараны жеке адамдар уюштурган. Жарыш аба ырайынын начар шарттарында өткөн.
Алдын ала версия боюнча, алардын өлүмүнө гипотермия себеп болушу мүмкүн. Жарышта каза болгондордун өздүгү аныкталган, алар Санкт-Петербург шаарынын 1963-жылы туулган тургуну жана 1978-жылы туулган Москванын тургуну болгон.
Ошондой эле жарыш учурунда дагы эки адам жаракат алган. Алар орто оор абалда ооруканага жеткирилген.
Мурманск облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз кезегинде куткаруу кызматтары иш-чарасынын уюштуруучуларына алдын ала катуу шамал, жамгыр жана кар тууралуу кабарлашканын, бирок уюштуруучулар жарыш өткөрүү чечими мурун эле кабыл алынып калгандыгын билдиришкен.
Мурманск облусунда үч күн бою туруксуз аба ырайы сакталып турганы белгиленди. Мелдештин катышуучусу чуркап баштагандан бир сааттан кийин жамгыр жааганын билдирген. Анан кар менен коштолгон муздак шамал соккон.
Мелдештин дагы бир катышуучусу уюштуруучулар спортчуларга аба ырайынын бузулушун эскертип, маршрутту жеңил жолго алмаштырууну сунуштагандыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал белгилегендей, жөө күлүктөр каттамга чыгаар алдында камсыздандыруу, медициналык маалымкат жана керектүү шаймандар текшерилгенин айткан.
Милиция алардын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Губернатор окуя тыкыр иликтене турганын убада кылган.