Кийинки БРИКС саммити 2026-жылы Индиянын төрагалыгы алдында өтөт. Бул тууралуу 6-июлда Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан саммитте маалымдалды.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди кийинки жылдагы саммитке БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлерин чакырды.
Эске салсак, Бразилиянын төрагалыгы астында 6-7-июлда Рио-де-Жанейродо БРИКС саммити өтүүдө. Катышуучу мамлекеттер Украиндагы, Иран-Израил жана Палестина-Израил конфликттери боюнча билдирүүлөрдү жасап, эл аралык институттарды реформалоону чакырышты жана космостук курал жарышына каршы чыгышты.
Азыр БРИКСке 10 өлкө кирет: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары, Иран, Эфиопия, Египет жана Индонезия.