Таласта 30 миллион сомдук мунай базасы мамлекетке алынды

Талас облусунун Айтматов районунда 1,62 гектар жер тилкеси өндүрүштүк имараттар жана резервуарларды камтыган мунай базасы менен бирге мыйзам бузуу менен менчиктештирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, көрүлгөн чаралардын негизинде Кызыл-Адыр айыл аймагында жайгашкан жер бардык мүлкү жана жер тилкеси менен кошо мамлекеттик менчикке кайтарылган. Наркы 30 миллион сом деп бааланган.

Прокуратура органдары мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, анын ичинде стратегиялык мааниге ээ объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча ишин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан