Францияда Макрондун коррупциялык схемасын иликтеген депутаттын сөөгү табылды

Францияда президент Эммануэль Макрондун катышуусу мүмкүн болгон коррупциялык схема боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан депутат Оливье Марлекс өз үйүндө каза тапты. Бул тууралуу француз басылмалары жазып чыгышты.

Марлекс "Республикачылар" партиясынын мүчөсү болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Марлекс өзүнө-өзү кол салган болушу мүмкүн.

Депутат Alstom компаниясынын америкалык General Electric корпорациясына сатылышына байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткан. Анын айтымында, бул соода Франциянын учурдагы президенти Эммануэль Макрондун 2017-жылдагы шайлоо кампаниясын каржылоодо колдонулушу мүмкүн болгон.

Макрон Марлекстин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып, бул окуяны “парламентти кайгыга салган трагедия” деп мүнөздөдү.

Учурда укук коргоо органдары саясатчынын өлүмүнүн чыныгы себептерин аныктоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Эске салсак, буга чейин Парижде президенттин жубайы Брижит Макрондун трансгендер экенин айткан хирург белгисиз жагдайда терезеден кулап каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан