Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев Петр Семёнов-Тян-Шанскийдин эстелигинин алынуусуна түшүндүрмө берди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Кермалиев социалдык тармакта пикирин жазды.
Буга чейин Балыкчы шаарында белгилүү орус изилдөөчү жана географ Петр Семёнов-Тян-Шанскийге арналган эстеликтин алынуусу коомчулукта чоң талкуу жараткан. Социалдык тармактарда тургундар жана активисттер бул тарыхый объекттин алынышына тынчсыздануусун билдиришкен.
Бул жагдайга байланыштуу шаар мэри Султан Кермалиев төмөнкүдөй билдирүү жасады: "Алып салган жок. Башка жакшы жерге которобуз. Петр Петровичтин эстелиги татыктуу жерден орун алат. Кыскасы, бүткөндө өзүңөр көрөсүңөр. Зыңк болот. Башты оорутпасаңар, ансыз деле иш көп".
Эскерте кетсек, Семёнов-Тян-Шанский - Тянь-Шань тоо системин изилдеген биринчи европалык окумуштуу, анын эмгектери бул аймакты илимий жактан таанууга чоң салым кошкон. Анын урматына эстелик Балыкчы шаарында совет мезгилинде орнотулган болчу.