УКМК Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде системдүү тартип бузуу фактылары аныкталганын билдирди.
Атайын кызмат тактагандай, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгү (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Мындан улам окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылды.
Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга катыштыгы бар окуу жайдын профессордук-окутуучулар жана административдик курамындагы адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.