"Ушундай гүлдө". Ташиев Ошту кыдырып жүрүп, тургундан бата алды (видео)

Кечээ, 8-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына иш сапары менен барып, калааны шаар мэри Жеңишбек Токторбаев менен бирге кыдырып чыкты.

Жетекчилер шаардын кире беришиндеги Кыргыз көчү дарбазасын көрүп жүрүшкөндө аларга жолуккан шаар тургуну Ташиевге атайын батасын берүүгө келгенин билдирип, калоо-тилегин айтты.

"Сенин кылган иштериңдин бардыгы беш. Өмүрүңө береке берсин. Мээнетиңдин рахатын көр. Жүзүң жарык, тилиң өткүр болсун. Зоболоң, даражаң бийик болсун. Гүлдөй болуп, гүлдөп жүрө бер. Ушундай гүлдө... Мен беш гектар жер иштетем",- деди ал.

09.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан