УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ош шаарындагы жыйынында Өзгөн районунун салык кызматынын башчысы менен Кара-Суу районунун салык кызматынын башчысынын орун басары кармалганын жергиликтүү телеканалдардын бири билдирди.
Жарыяланган видедон Ташиевдин Кара-Суу районунун салык кызматынын башчысы да азыр суракта жүргөнүн айтканын угууга болот.
"Бул жетекчинин орун басарын дагы алып чыккылачы. Текшергиле. Анткени ал калп айтып жатат",- деди УКМК жетекчиси.
Мунун алдында жыйында төрт мамлекеттик кызматкер кармалганы да маалымдалган.