Астанада авиабазада аскер кызматкери куралдан жаракат алгандыгы айтылууда

Казакстандын Куралдуу күчтөрү борбордогу аскердик авиациялык базанын аймагында курал менен иштөөдө коопсуздук чараларын бузуунун кесепетинен бир аскер кызматкери жаракат алгандыгын билдирди.

"Жабырлануучу дароо борбордогу медициналык мекемеге жеткирилип, ага бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Анын абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда", — деп жазышууда казак басылмалары.

Окуянын чоо-жайын толук жана объективдүү тактоо үчүн кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан