Бүгүн, 9-июлда Талас облусунун жетекчиси Эрмат Жумаев шаардагы жасалып жаткан тротуарлардын сапатын текшерип, ирригациялык иштерди жеринен көрүп чыкты.
Облус жетекчиси көчөнү жөө кыдырып, курулушту колго алган компаниянын жетекчилерине кетирген каталарын көрсөтүп, кайра текшерүүгө ала тургандыгын эскертти.
"Бири-бириңерди күнөөлөп эч бир жумушуңарды ирети менен жасабай жатасыңар. Бул жерге миллиондогон акча коротулуп жатат. Биз анчалык бай эмеспиз, жыл сайын жол жасагыдай. Артыңардан жүрө беребизби, ар жерин оңдоп кой деп. Арыктардагы лотоктор талаптарга ылайык, тегиз болуп коюлсун. Мен кайра чыгып текшерем", - деди ал.
Ошондой эле Таластын мэрин ирригациялык иштерди тынбай текшерип турууга чакырды.