"Кичинекей баатыр". Апасын соккудан коргоп калган 5 жаштагы бала каза болду

Орусиянын Курск шаарындагы пляжда украиналыктардын соккусунан апасын денеси менен коргоп калган 5 жаштагы Анатолий каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Алар үй-бүлөсү менен Курскка эс алганы барышкан. Соккудан 36 жаштагы апасы бетинен жана белинен, ал эми бала бүт денесинен 2-даражадагы күйүк алган.

Окуяга күбө болгондор бири-бирине жардам беришкен, бирөө баланын ыйлаганын угуп барганда соккудан апасын тосом деп колун жайып, коргоп жатканын көргөн. Дал ошол маалда бала катуу жаракат алган. Дарыгерлер баланын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, аны апасы менен Москвага алып кетишмек. Ооруканадан алып чыгып кетип жатканда бала каза болуп калган.

"5 жаштагы Анатолий апасынын жалгыз уулу болгон. Алар дайыма бирге саякаттап, баласына болгон убакытын бөлчү. Ал жаркылдаган бала сиңдимдин ааламы эле. Күтүп, сүйүп чоңойткон жалгызы эле. Эми жашоо кандай уланат билбейм",- деген Анатолийдин таежеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан